Аутсорсинг жана аутстафинг - FChain

Бардык деңгээлдеги бизнес -процесстерди оптималдаштыруу жана жакшыртуу, башкаруунун инновациялык жана жогорку технологияларын киргизүү, ошондой эле жогорку тажрыйбалуу кызматкерлердин болушун билдирет. Ошол эле учурда, жеке карамагыңыздагы кызматкерлерди каржылап туруу экономикалык көз караштан улам барган сайын рационалдуулугу азайып барат. Мына ушундан улам эмгекти көп талап кылуучу жана чыгашалуу милдеттерди аутсорс-компаниялардын тейлөөсүнө тапшыруу жана штаттан тышкары ишкер дайындоо дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу болууда.

Көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбасы бар компания Financial Сhain Corporation Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө аутсорсинг жана аутстаффинг кызматтарын көрсөтөт. Биздин сунуш ар-кыл масштабдагы бизнестин жана уюмдардын түрүнө карабастан бирдей эффективдүү жана кирешелүү болот, анткени бул сиздин ишканаңыздын убактысын талап кылган жумуштардан арылтат, ошол эле учурда алардын чыгашасын кыйла төмөндөтөт.

FCHAIN компаниясынын жогорку тажрыйбалуу адистери бардык милдеттенмелерин сабаттуу өз убагында аткарышат жана ар кандай татаалдыктагы көйгөйлөрдү эң ылайыктуу түрдө чечишет. Биз мамлекеттик органдар менен ийгиликтүү карым-катнаш үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кыла турган, укуктук талаанын бардык нормаларын так сактоо менен, бухгалтердик эсепке алуу, административдик жана укуктук маселелер боюнча кеңири спектрди аткарууда купуялуулукту сактоого жана жогорку профессионалдуулукка кепилдик беребиз.

FCHAIN компаниясы иштин кайсы гана чөйрөсүндө болбосун башкарууну оптималдаштырып, эмгек келишимдеринин эң ылайыктуу түрүн профессионалдуу тандайт жана жеке негизде салык төлөтүү менен бирге персоналды штаттан жоюу боюнча бай тажрыйбасы кадрдык көйгөйлөрдүн жогорку деңгээлде чечилишин камсыз кылат. Биз кызматкерлерди ишке каттоого жана бошотууга байланышкан административдик милдеттер менен бирге эмгек акыны эсептөө, эмгек талаштарын, дооматтарды чечүү жана башка көптөгөн нерселердин кынтыксыз аткарылышына кепилдик беребиз. Бул сиздин бизнесиңиз үчүн керексиз тобокелдиктерден (мүмкүн болгон айыптардан, чыгымдардан жана башка кыйынчылыктардан) ишенимдүү калкалайт.

FCHAIN  компаниясынын аутсорсинг жана аутстаффинги – бул сиздин бизнеске ресурстук чыгымдарды кыскартууга жана гүлдөп өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулатууга жардам берүүчү эффективдүү башкаруу каражаттары.

Кеңеш

Бизге жазыңыз же жакынкы кеңсени табыңыз