Kyrgyzstandagy Kадрдык кызматтар - FCHAIN Corporation LLC

Бүгүнкү күндө экономикалык иштин рационализациясына жана эффективдүүлүгүнө жетишүү үчүн кадрдык башкарууга эң заманбап бизнес технологияларын киргизүү жана колдонуу сунушталууда. Кадрдык аутсорсинг – бул уюмдун каалаган көлөмдөгү жана формасындагы бизнес үчүн пайдалуу чечим.

FCHAIN компаниясы Кыргызстанда кадрдык кызматтарын Бишкектеги кеңсесинде жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө, эң жогорку профессионалдык деңгээлде көрсөтөт. Толук кандуу кадрлар бөлүмүнүн бардык милдеттерин FCHAIN  командасынын жогорку квалификациялуу адистери жогорку сапатта аткарышат.

Биз кадрларга жекече мамилени жана башкаруунун жогорку деңгээлин камсыздайбыз, бул сиздин бизнесиңизди бардык жагынан алдыга жылдырууга кепилдик берет. Кадрдык административдештирүүнү сабаттуу түзүү жана ички кадр саясатын оптималдаштыруу боюнча ийгиликтүү көп жылдык тажрыйбабыз дүйнө жүзү боюнча көптөгөн компаниялардын гүлдөп өнүгүшүнө алып келди.

FCHAIN компаниясы менен  бирге иштешип Сиз акчаңызды, убактыңызды үнөмдөйсүз жана ишканаңыздагы ресурстарды көп талап кылуучу жараяндардан биротоло арыласыз.

Мындан тышкары, биздин жогорку класстагы юристтерибиз тарабынан, эмгек мыйзамдарынын нормаларын кынтыксыз, сактоосу жана өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүүсү менен, компанияңызды жөнгө салуучу органдар ортосунда сергек мамилени камсыздайсыз.

FCHAIN компаниясынын кадрдык кызматы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Каттоо журналдары, эмгек китепчелерин жана келишимдерди каттоо китептери, текшерүүлөрдүн журналдары, кызматкерлердин ички кыймылынын каттоо китептери;
  • Персонал менен иштөө үчүн керектүү документтердин толук пакети жана анын ичинде жеке карттар жана файлдар, эмгек келишимдери, эмгек акы;
  • Анын ишмердүүлүгүн эске алуу менен ишкананы башкаруунун моделин калыптандыруу;
  • Кадрлардын комплекстүү көз карандысыз аудити (биз кадрдык иш кагаздарын башкарууга байланыштуу каталарды аныктап, ишти оптималдаштыруу концепциясын баяндайбыз).
  • Кадрлардын толук автоматташтырылган каттоосун берүү
  • Учурдагы кызматкерлердин курамын эске алуу менен компаниянын керектөөлөрүн пландаштыруу;
  • Кадрдык жадыбалды түзүү;
  • Кадр саясаты, кызматтык нускамалар жана жоболор;
  • Жергиликтүү эрежелер, жоболор жана буйруктар (жаңыларын иштеп чыгуу, жана мурдагыларын оңдоо);
  • Бардык зарыл документтерди даярдоо жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшыруу;
  • Кызматкерлерди жумушка тартууну оптималдаштыруу.
  • Жаңы келген жумушчуларды жумуш орундарына эффективдүү бөлүштүрүү.
  • Кызматкерлерди бошотуунун себептерин талдоо;
  • Кандай гана болбосун кадрдык көйгөйлөрдү чечүүдө жекече мамиле

Натыйжалуу кадрдык башкаруу жана сабаттуу административдештирүү – ишкананын ийгилигинин негизги шарттары болуп саналат. Бул түйшүктүү жана татаал процессти Fchain компаниясынын профессионалдарына тапшыруу менен, сиздин бизнес олуттуу пайдаларга ээ болот, алар кызматташуунун биринчи күнүнөн тартып сезилет.

Кеңеш

Бизге жазыңыз же жакынкы кеңсени табыңыз