Бухгалтердик кызматтар - FChain

Өз алдынча бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү көбүнчө өзүн актабайт. Кандай масштабдагы компания болбосун, бухгалтердик кызматтардын аутсорсинги компания үчүн утуштуу чечим болуп саналат.

Financial Chain Corporation – дүйнөлүк рынокто көп жылдык тажрыйбасы бар компания. Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө бухгалтердик кызматтарды ийгиликтүү алып барат. Биздин жогорку тажрыйбалуу адистерибиз бардык түйшүктүү, татаал жана күнүмдүк бухгалтердик эсеп иштерин өз мойнуна алып, салыктын туура эмес аныкталган формасы учурунда айыптарга учуратуучу гана эмес, олуттуу чыгашалар менен коштолгон бухгалтердик каталардан коргоонун кепилдигин камсыз кыла алат.

FCHAIN ​​менен бухгалтердик аутсорсинг максималдуу түрдө сиздин бизнестин каржы секторун оптималдаштырат. Биздин биринчи класстагы юристтерибиз жана бухгалтерлерибиз ар-кандай маселелер боюнча кеңири кеңештерди беришип, бухгалтердик жана салык эсебин алуу тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүшөт.

Биз төмөнкүлөрдү камтыган кеңири бухгалтердик кызматтарды сунуштайбыз:

  • Бухгалтердик жана салыктык эсепке алуунун ыкмаларын иштеп чыгуу;
  • Бухгалтердик эсептин ылайыктуу системасын тандоо;
  • Бухгалтердик эсептин ар кандай сегменттеринин ортосунда маалыматтар жана документтер менен алмашуу системасын иштеп чыгуу;
  • Бухгалтердик иш-кагаздардын жараянын кесипкөйлүк менен башкаруу, бухгалтердик иш-кагаздарды сапаттуу даярдоо;
  • Бухгалтердик программаны орнотуу, жаңыртуу жана тейлөө.
  • Бухгалтердик эсеп менен иштөө (төлөм тапшырмаларын даярдоо ж.б.)
  • Банктык документация.
  • Салык органдарына жана мамлекеттик фонддорго керектүү салык отчетторун тапшырып туруу.
  • Биринчи класстагы бухгалтерлерден жана юристтерден бухгалтердик жана салыктык эсеп боюнча кесипкөй кеңештер.
  • Статистикалык документтерди даярдоо жана тапшыруу

FCHAIN компаниясы ​​- бизнесиңиздин гүлдөп өсүшүнө жана ийгилигине карай ишенимдүү өнөктөш.

Биз менен төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болосуз:

  • Акча каражаты. Бухгалтердик жана салыктык эсептөөдө аутсорсингдин наркы ар-дайым өздүк штатдагы бухгалтерлерди жана юристтерди тейлөөгө кеткен чыгымдан кыйла төмөн болуп чыгат. Бухгалтердик эсеп системасынын туура толтурулушу кошумча финансылык чыгашадан арылтат.
  • Жоопкерчилик жана кепилдиктер. Биз өзүбүзгө толук жоопкерчиликти алабыз жана бизнесиңиздин бухгалтердик коопсуздугуна 100% пайыз кепилдик беребиз.
  • Бардык бизнес – жараяндарды оптималдаштыруу.
  • Биз дүйнөнүн 9 өлкөсүндө кеңселери бар эл-аралык уюмбуз, бул биздин өнөктөштөрүбүзгө жергиликтүү жардам көрсөтүү менен гана чектелбейт.

FCHAIN ​​менен кызматташуу Сиздин бизнесиңизге материалдык пайдаларды алып келүү менен, күч-аракетиңизди, убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөйт. Биз күнүмдүк иштериңизди жасап жатканда, Сиз бизнесиңизди өркүндөтө бересиз.

Кеңеш

Бизге жазыңыз же жакынкы кеңсени табыңыз