Юридикалык кызматтар - FCHAIN Corporation LLC

Аутсорсинг шарттары боюнча юридикалык колдоо дүйнө жүзү боюнча компаниялардын арасында күндөп суроо талапка ээ болууда, анткени ал  чыгашаны кыйла төмөндөтүү менен бирге тейлөөнүн сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылат.

Көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбасы бар FCHAIN эл аралык аутсорсинг уюму Бишкектеги жана дүйнөнүн башка шаарларындагы компаниялар жана жеке ишкерлер үчүн ар тараптуу юридикалык кызматтарды көрсөтөт. Биз купуялыкты сактап жана жеке мамилеге кепилдик берүү менен, бизнеске ар кандай татаалдыкта жана критерийлерде юридикалык колдоо көрсөтөбүз.

Ишкер FCHAINдин кесипкөйлөрүнө ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен, иш-кагаздардан, мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен ресурсту көп талап кылган жана күнүмдүк иштерден арылат, бул баалуу убакытты үнөмдөп эле койбостон, учурдагы экономикалык ишмердүүлүк менен байланышкан мүмкүн болгон юридикалык жана финансылык тобокелдиктерди дагы  минималдаштырат.

FCHAIN  компаниясы төмөнкү кызматтарды сунуштайт:

  • Компанияларды жана жеке ишкерлерди каттоо
  • Уставдык документтердин укуктук экспертизасы
  • Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү
  • Апостилдештирүү жана документтерди нотариалдык жактан күбөлөндүрүү
  • Келишимдерди түзүү жана өзгөртүү
  • Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдерин түзүү жана өзгөртүү
  • Уставдык капиталды өзгөртүү
  • Директорлордун алмашуусу
  • Уюштуруучулардын алмашуусу
  • Акционерлердин алмашуусу
  • Юридикалык даректи берүү
  • Юридикалык дарегин өзгөртүү
  • Иш-аракеттердин элементтерин өзгөртүү же кошуу

FCHAIN компаниясынын комплекстүү юридикалык кызмат көрсөтүүсүнүн негизги артыкчылыктары:

  • укуктук коргоонун деңгээлин жогорулатуу менен бирге чыгымдарды кыйла азайтуу
  • Компаниянын экономикалык ишмердүүлүгүнүн укуктук сектору менен байланышкан көйгөйлөрдү жана тобокелдиктерди максималдуу азайтуу.
  • Убакытты, күчтү жана ресурстарды үнөмдөө
  • Мамлекеттик органдар менен болуп калуучу көйгөйлөрдүн алдын алуу
  • Жогорку тажрыйбалуу кеңири кеңеш жана ар кандай татаалдыкта эң ылайыктуу чечимди издөө.

FCHAIN компаниясынын юридикалык кызматтарынын комплекси дайыма туура чечим болуп саналат. Кантсе да, биздин дүйнөлүк рынокто корпоративдик укук жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбабыз жогорку тажрыйбалуулуу юридикалык колдоону жана ар кандай көлөмдөгү жана ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ишканалар үчүн эң пайдалуу сунушту кепилдейт.

Кеңеш

Бизге жазыңыз же жакынкы кеңсени табыңыз