Биз жөнүндө - FChain

Financial Chain Corporation – бухгалтердик эсеп, салык жана адам ресурстары, ошондой эле корпоративдик укук, аутстаффинг жана аутсорсинг тармагында жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүүчү эл аралык компания. Дээрлик жыйырма жылдык дүйнөлүк рыноктогу ийгиликтүү тажрыйбасы бизди ар кандай көлөмдөгү жана ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү компаниялар үчүн көйгөйлөрдүн кеңири спектри боюнча кирешелүү жана эффективдүү чечимдерди сунуштай ала турган ишенимдүү өнөктөш катары түздү.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 9 өлкөсүндө филиалдарыбыз бар, бирок буга чейинки жетишкендиктер менен токтобойбуз. Биздин кардарлардын жана өнөктөштөрдүн саны ыкчам өсүүдө, бул биздин мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кардарларыбызга кошумча артыкчылыктарды тартуулайт. 2020-жылы биз Кыргызстанда филиал ачтык. Бул убакыттын ичинде биз көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик компанияларга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жетиштик. FCHAINдин профессионалдуу командасы ар кандай татаалдыктагы милдеттерди ийгиликтүү чечет. Биз менен, сиз бизнесиңиздин гүлдөп-өсүшүнө жана ийгилигине карай жолдо айкын артыкчылыктарга ээ болосуз.

Ошондой эле FCHAIN компаниясы өзүнүн кардарларыңа тил жана маданий тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет, бул сиздин ишканаңыздын дүйнөлүк рынокто ийгиликке жетиши үчүн негиздүү жеңилдикти берет.

Дүйнөлүк рыноктогу биздин узак мөөнөттөгү эл аралык ийгиликтүү тажрыйбабыз көрсөтүлгөн кызматтардын кынтыксыз сапатына жана профессионалдуулугунуна кепилдик берет, бул биздин кардарлар арасында таанылуу менен ырасталат. Алар бизге ишенишет жана бул ишеним ар-дайым акталат.

FCHAIN компаниясы менен аутсорсингдин негизги артыкчылыктары:

  • Сиз билими жана тажрыйбасы ийгиликтүү натыйжага кепилдик берген жогорку квалификациялуу адистерге милдеттериңизди өткөрүп берүү менен ар кандай татаалдыктагы финансылык жана юридикалык маселелерди чечүүдөн өзүңүздү бошотосуз.
  • Сиз мындан ары колдонуудагы мыйзамдардын өзгөрүшүнө көз салбайсыз жана анын нормаларын туура эмес колдонуу менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө кабатыр болбойсуз. Бул боюнча FCHAIN өзү кам көрөт.
  • Сиздин бизнес туура эмес түзүлгөн же өз убагында берилбеген отчеттуулуктан улам жагымсыз кесепеттерден, анын ичинде кош салык төлөө, айыптар жана башка көйгөйлөр менен коштолгон тобокелдиктерден корголгон.
  • Биз бизнестин кайсы гана чөйрөсүндө болбосун керексиз тобокелчиликтерден арылууга жардам беребиз.
  • Кирешелердин туруктуу өсүшү менен финансылык, убакыттык жана башка чыгымдарды кыскартууну камсыздоочу инновациялык жана жогорку технологиялардын жардамы менен бизнес -процесстерди оптималдаштыруу.
  • Жана башкалар
1200
Ийгиликтүү аяктаган долбоорлор
350
Канааттандырылган кардарлар
85
Жогорку квалификациялуу адистер
15
Кызматтардын түрлөрү

Кеңеш

Бизге жазыңыз же жакынкы кеңсени табыңыз